Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АМЕРИКАЛЫК ЫР СЫНАГЫНДА 1-ОРУНДУ БИШКЕК ШААРЫНЫН КАТЫШУУЧУСУ ЭЭЛЕДИ

Көрүлдү: 218

28-июнунда кыргыз мектеп окуучуларынын арасында уюштурулган «American Song Contest» америкалык ыр сынагында 1-орунду Бишкек шаарынын катышуучусу ээледи.

post.title

Иш чаранын ардактуу коногу катары АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчиси Лесли Вигери  катышты. Жеңүүчүлөргө жана финалисттерге белектер, дипломдор жана сертификаттар тапшырылды.

Сынакка таланттуу мектеп окуучулары катышып, бир нече этаптан кийин Жалал-Абад, Ош, Чүй облустарынан жана Бишкек шаарынан 12 катышуучу тандалып алынган.

Сынак  Билим берүү жана илим министрлиги, “Лингва” инновациялык билим берүү коомдук фонду АКШнын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин колдоосу менен уюштурулган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар