Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУ КАЗАКСТАНДАГЫ МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ОЛИМПИАДАДА БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Көрүлдү: 253

Бишкек шаарынын №62 мектебинин окуучусу Керимов Арлан Казакстандагы Ш. Смагулов атындагы математика боюнча 6-7-класстар үчүн Республикалык олимпиаданын жыйынтыктоочу этабында биринчи орунду ээледи.

post.title

Акыл таймашта Жалал-Абад шаарындагы И.М. Губкин атындагы мектептин 6-классынын окуучусу Акимов Ариет Ардак грамота менен сыйланды. Бул олимпиадада кыргыз курамасынын катарын Ош шаарындагы “Кыргызстан эл аралык мектебинин” 6-классынын окуучусу Абдувалиев Бектен да толуктады.

Олимпиаданын 2024-жылдагы тандоо туруна Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 3000ден ашуун мектеп окуучулары катышкан. Кененирээк маалыматты https://t.me/imo_kg шилтеме аркылуу алсаңыздар болот.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар