Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
РАСУЛ АБАЗБЕК УУЛУ КЫТАЙ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУ БОЮНЧА ФОРУМДАРГА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 476

27-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу Үрүмчү шаарына болгон сапарынын алкагында Кытай Эл Республикасынын билим берүү министринин орун басары Ван Цзяи менен жолугушуп, Кытай-Борбор Азия кызматташтык форумдарында баяндама жасады.

post.title

Кытай (Шинжаң)-Борбордук Азия илимий - техникалык кызматташтык форумунда жасаган баяндамасында Расул Абазбек уулу Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Кытай Эл Республикасына болгон сапарынын алкагындагы жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктарын, укуктук базаны, эки өлкөнүн академиялык коомчулугунун өз ара аракеттенүүсүндөгү демилгелерди белгиледи.

Ошондой эле министрдин орун басары Кытай менен Борбор Азиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгы тууралуу форумда сөз сүйлөдү.

“Биз өнөктөштүгүбүздү бекемдөөнү улантуу менен инновацияларды стимулдаштырабыз, туруктуу өнүгүүгө көмөктөшөбүз жана жарандарыбыздын жашоо сапатын жакшыртабыз”, - деди ал.

Министрдин орун басары Расул Абазбек уулу эл аралык экономика, экология, саламаттыкты сактоо, илимий борборлордун байланышын орнотуу, кыргыз-кытай университетин түзүү, кытайлык студенттерди кыргыз ЖОЖдоруна билим алууга тартуу демилгелерин көтөрдү.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар