Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИ: 8-КЛАССТАР АРАСЫНДА 48 ОКУУЧУ КОНКУРСТУК ТАНДООДОН ӨТТҮ

Көрүлдү: 539

Билим берүү жана илим министрлиги 8-класстын окуучулары арасында “Акылман” Президенттик лицейине конкурстук тандоонун III турунун жыйынтыгында 48 окуучу өткөндүгүн маалымдайт.

post.title

Ошондой эле 49-орундан 59-орунга чейинки тизмедеги 11 окуучу лицейде окууга талапкер катары резервге алынды. 
Конкурстук тандоодон өткөн жана резервге алынган балдардын тизмеси менен https://t.me/akylmanpresidentialschool/222 телеграмм каналынан таанышууга болот.

Белгилей кетсек, “Акылман” Президенттик лицейине 8-класстар арасында конкурстук тандоонун I туруна – 5089, II туруна – 2257, III туруна 690 – талапкер катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар