Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ТЕХНИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ӨНҮКТҮРҮҮ ҮЧҮН КЫРГЫЗ-КЫТАЙ КЫЗМАТТАШТЫГЫ БЕКЕМДЕЛҮҮДӨ

Көрүлдү: 495

27-июнда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кытай Эл Республикасынын Чжэцзян провинциясынын делегациясы, КЭРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвэнь “Лу Бань кесипканасы” долбоорунун бет ачарына жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде эки акылдуу класстын ачылышына катышты.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева студенттерге ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо, автомобиль жолдору тармагында акыркы муундагы технологияларды башкаруу боюнча кесиптик компетенцияларды өздөштүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүн айтты. Ал өнөктөштөргө ыраазычылык каттарын тапшырды.

Чжэцзян суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин вице-президенти Шен Цзили КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаевге жабдууларды тапшырды.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында Чжэцзян провинциясынын ККП комитетинин Башкы катчысы Цю Цивэнь, провинциянын өкмөтүнүн өкүлдөрү, Чжэцзян суу ресурстары жана гидроэнергетика университетинин вице-президенти Шен Цзили баштаган кызматкерлер, Чжэцзян биринчи гидроэнергетикалык курулуш тобу Co., Ltd” президенти Лин Даойе, Beijing Chaoxing Group” компаниясынын директору Цюэ Чао башында турган кызматкерлер келген.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар