Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖРТ: КЕЧИККЕН ТЕСТИРЛӨӨНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ МЕНЕН ДАГЫ 2 АБИТУРИЕНТ "АЛТЫН СЕРТИФИКАТ" АЛАТ

Көрүлдү: 637

Билим берүү жана илим министрлиги май айындагы ЖРТга жүйөөлүү себептер менен тапшырбай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 21-23-июнда өткөрүлгөн тестирлөөдө 2 абитуриент “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болгонун маалымдайт.

post.title

Эки абитуринет тууралуу маалыматты министр Догдуркүл Кендирбаевага Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун директору Чынара Батракеева берди.

Алар:

* Абдумалик Турсунов (231) – Ош обл, “Профессор Купуев П.К. атындагы Академиясы” мекемеси;

*Айчүрөк Ишенбекова (225) – Бишкек ш., №70 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплексинин былтыркы бүтүрүүчүсү.

Айчүрөк Ишенбекова 2023-жылы дагы ЖРТ тапшырып, 232 упай менен “Алтын сертификатка” ээ болгон.

Белгилей кетсек, 21-июнунда 2024-жылдагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң жогорку упай алган 56 абитуриенттин тизмеси жарыяланганhttps://edu.gov.kg/posts/3123/

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар