Көрүлдү: 594
24-июндан 14-июлга чейин “Алтын түйүн” улуттук балдар инженердик-техникалык академиясынын 8 тарбиялануучусу жана “XXI кылымдын интеллектуалдары” эл аралык жаштар форумунда баш байгени алган эки жаш ойлоп табуучу “Орленок” бүткүл россиялык балдар борборунда эс алат.
Балдардын эс алуусу Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы менен “Орленок” бүткүл россиялык балдар борборунун макулдашуусунун алкагында уюштурулууда.
Кайра “Орлёноктун” балдары жетекчилери менен биргеликте 26-июндан 5-июлга чейин Ысык-Көлдөгү республикалык “Технодром” лагерине катышуу үчүн Кыргыз Республикасына келишет.