Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТРЛИКТИН КОЛЛЕГИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ ОТУРУМУ ӨТҮҮДӨ

Көрүлдү: 571

25-июнда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчилиги алдында Министрликтин коллегиясынын кезектеги отуруму өтүүдө.

post.title

Отурумдун күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралууда:

* Кыргыз Республикасынын он эки жылдык мектептик билим берүү Концепциясынын долбоорун жактыруу;

* Окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн жалпы билим берүү уюмдарынын 1-классы үчүн “Русский язык” окуу китебине “Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан сунушталган” грифин ыйгаруу;

* Marshall Cavendish басмасынын (Сингапур) илим (физика, химия, биология, табият таануу), математика, англис тили боюнча окуу-методикалык комплекстерин Кыргызстандын билим берүү процессине киргизүү;

* Б.Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Орус-Славян университетин №18 кесиптик лицейинин уюштуруучусунун бири катары кошуу;

* Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ардак грамотасына сунуштоого келип түшкөн талапкерлердин документтерин кароо.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар