Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
2023-2024-ОКУУ ЖЫЛЫ ҮЧҮН ЖАЛПЫ БИЛИМ БЕРҮҮ МЕКТЕПТЕРИНИН МУГАЛИМДЕРИНЕ ЭМГЕК ӨРГҮҮСҮН ТӨЛӨӨ ЖӨНҮНДӨ

Көрүлдү: 407

Мугалимдер эмгек өргүүсүн 2024-жылдын 1-июнунан тарта ала башташты.

post.title

Мугалимдердин жана билим берүүнүн башка кызматкерлерине эмгек өргүүсүн төлөөгө бөлүнгөн каражаттардын көлөмү 7 миллиард сомду түздү.

2024-жылдын июнь айынын эмгек өргүүлөрү жана эмгек акылары жалпы билим берүү мектептеринин эсептөө счетторуна 2024-жылдын 11-июнунда которулган.

Бишкек шаарында кыргыз тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 102 миң сомду түзүп, колуна 82 миң сом алды.

Ош шаарында физика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 101 миң сомду түзүп, колуна 81 миң сом алды. 

Аламүдүн районунда орус тили мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 143 миң сомду түзүп, колуна 115 миң сом алды.

Ат-Башы районунда мугалимдин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 94 миң сомду түзүп, колуна 77 миң сом алды. 

Москва районунда математика мугалиминин өргүүгө чыгуусунун максималдуу суммасы 104 миң сомду түзүп, колуна 84 миң сом алды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар