ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА МИНИСТРЛИКТИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ВЕДОМСТВОЛУК СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРДЫ
Көрүлдү: 368
24-июнда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрликтин Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов “Кыргыз Республикасынын Конституциясына 30 жыл” юбилейлик медалдары менен сыйланышты.
![](/media/uploads/2024/06/25/rjuogw.png)
Ошондой эле министр Догдуркүл Кендирбаева 23-июнь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин күнүнө карата мамлекеттик кызматты өнүктүрүүгө кошкон салымы, билим берүү жана илим тармагындагы үзүрлүү эмгеги, ийгиликтери жана жетишкендиктери үчүн төмөндөгү кызматкерлерге министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды:
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси менен сыйланды:
- Дүйшөн Акимжанов – Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланышты:
- Жанара Дөөталиева – Мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башкы адиси;
- Аида Бегалиева – Санариптик трансформация бөлүмүнүн башкы адиси.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Ыраазычылык каты берилди:
- Айзат Маматкеримова – Жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын адиси;
- Гульнура Бегалиева – Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Алмазбек Нишарапов – Бюджеттик саясат жана финансылык анализ башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Люаза Айдарова – Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Гулзада Асанбаева – Мониторинг, стратегиялык пландоо жана мамлекеттик программаларды талдоо бөлүмүнүн башкы адиси;
- Адилет Анарбаев – Укуктук камсыз кылуу бөлүмүнүн адиси;
- Аида Эрмек – Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси;
- Гүльзат Рахманкулова – Бухгалтердик эсеп жана отчеттуулук бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Гүлсүн Жоробекова – Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын башкы адиси;
- Мээрим Абыкеева – Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Венера Сапаркулова – Инвестициялар, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк, мамлекеттик сатып алуулар жана инфраструктура башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Руслан Закиров – Лицензиялоо секторунун башкы адиси;
- Салкынай Токтоматова – Аккредитациялоо жана сапатты баалоо бөлүмүнүн адиси;
- Гүлмира Уметалиева – Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы;
- Нурзат Казыбекова – Маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
- Дилбар Керимбекова – Маалыматтык саясат бөлүмүнүн адиси;
- Марсель Жумалиев – “Кут-Билим” медиа борборунун оператору.
Бөлүшүңүз