Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БЕКЖАН СУПАНАЛИЕВ “ДИВАН ЛУГАТ АТ-ТҮРК” МААРАКЕСИНЕ АРНАЛГАН КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 242

24-25-июнда Бишкекте “Диван лугат ат-түрк” 950 жылдыгы: Түрк дүйнөсүнүн жалпы байлыгы” аттуу эл аралык илимий конференция өтүүдө.

post.title

“Мекендешибиз, улуу Махмуд Кашгари түрк дүйнөсүнүн жалпы байлыгына айланган “Диван лугат ат-түрк энциклопедиясын жазган”, - деди Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев.

Конференциянын ачылышында Түрк академиясынын президенти Шаин Мустафаев “Диван лугат ат-түрк түрк мамлекеттери менен элдеринин ортосундагы интеграция үчүн илимий жана маданий негизди камсыз кылуу контекстинде маанилүү мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Конференцияга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстандын түркологдору катышууда.

Конференциянын программасы Диван лугат ат-түрккотормолорун жана изилдөөлөрүн, тарыхый жана этнографиялык маалыматтарын талкуулоону камтыйт.

Конференция Түрк академиясы, Ататүрк атындагы маданият, тил жана тарых боюнча Жогорку Кеңешке караштуу Түрк лингвистикалык коому, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар