Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БОЛОН ПРОЦЕССИНИН ПРИНЦИПТЕРИН ИШКЕ АШЫРУУ БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Көрүлдү: 531

20-июнда Бишкекте өткөн семинарда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Кыргыз Республикасынын жогорку билим берүү системасында Болон процессинин принциптерин адаптациялоо” темасында баяндама жасады.

post.title

Министрдин орун басары 20 жылдын ичинде Болон процессинин принциптеринин негизинде Кыргызстандын муктаждыктарына жооп берген жана европалык/дүйнөлүк талаптар менен салыштырууга боло турган билим берүү системасын калыптандыруу үчүн ченемдик жана башка шарттар түзүлгөнүн айтты.

Расул Абазбек уулу ЖОЖдордо, мисалы, студенттердин жана окутуучулардын академиялык мобилдүүлүгүн уюштурууда, университеттик илимди башка өлкөлөрдүн университеттери же илимий мекемелери менен кызматташууда өнүктүрүү сыяктуу принциптердин бирдей эмес колдонулушу боюнча маселелерге токтолду.  

Семинарга борбор калаадагы ЖОЖдордун 105 өкүлү оффлайн форматта, ал эми Казакстан Республикасынан баяндамачылар жана аймактардагы ЖОЖдордун кызматкерлери онлайн форматта катышышты. Семинардын катышуучулары Болон процессинин принциптерин киргизүүдөгү көйгөйлөрдү жана аларды чечүү жолдорун талкуулап, ЖОЖдордо натыйжалуу ишке ашыруу үчүн сунуштарды даярдашты.

Семинар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги жана Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдиги өкүлчүлүгүнүн Erasmus+ программасы тарабынан уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар