Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ МАМЛЕКЕТТИК ҮЛГҮДӨГҮ БИЛИМИ ЖӨНҮНДӨ ДОКУМЕНТТЕРДИ ТАПШЫРУУ КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Көрүлдү: 12318

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү билими жөнүндө документтер 2024-жылдын 28-июнунда тапшырыла тургандыгын маалымдайт.

post.title

Тагыраагы, 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнө негизги жалпы билими жөнүндөгү күбөлүктөр 28-июнда саат 9:00дө, 11-класстын бүтүрүүчүлөрүнө орто жалпы билими жөнүндө аттестаттар саат 11:00дө тапшырылат.

Быйыл жылдагыдан өзгөчөлөнүп 11-класстын 76 миң 244 бүтүрүүчүсү жана 9-класстын 127 миң 176 бүтүрүүчүсү мамлекеттик үлгүдөгү документтерин электрондук жана кагаз түрүндө алышат. Бул системанын негизги өзгөчөлүгү бүтүрүүчүлөрдүн документтери Түндүк сервисинин базасында сакталат.

Учурда Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемеси негиздеген “Күбөлүк” https://attestat.edu.gov.kg/kuboluk/login платформасы иштеп жатат. Бул платформада бүтүрүүчүлөрдүн аты-жөнү Түндүк сервисинен алынат. Башкача айтканда, бүтүрүүчүнүн жеке идентификациялык номерин тергенде,  автоматтык түрдө бүтүрүүчүнүн паспортундагы аты-жөнү системага түшөт.

Эгерде бүтүрүүчү аттестатын же күбөлүгүн жоготуп алса, дубликатын алуу үчүн убара болбойт. Порталдан аттестат/күбөлүктүн дубликатын чыгарып алса болот.

Буйрук

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар