Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР АВИЦЕННА ОЛИМПИАДАСЫНДА 7 МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Көрүлдү: 503

Кыргызстандык окуучулар Авиценна атындагы (AIBO)биология боюнча Эл аралык олимпиадада 2 күмүш жана 5 коло медалга ээ болушту.

post.title

Күмүш медаль ээлери:
 
*Данияр Гаипов, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин окуучусу;
 
* Байзак Карыпжанов, “Манас Ата” Талас лицейинин окуучусу;
 
Коло медаль ээлери:
 
* Арсений Виноградов, Жайыл баатыр атындагы Кара-Балта лицейинин окуучусу;
 
*Азирет Анварбеков жана Нурсултан Нусувалиев, Х.Карасаев атындагы Каракол лицейинин окуучулары;
 
*Алан Кошмуратов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу;
 
*Дмитрий Рубан, Бишкек шаарындагы №65 лицейинин окуучусу.
 
Белгилей кетсек, 9-14-июнь күндөрү Бухара шаарында өткөн эл аралык олимпиадага 18 өлкөдөн 100дөн ашуун окуучу катышкан.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар