Көрүлдү: 539
12-июнда Билим берүү жана илим министрлигинин аккредитация жана сапатты баалоо бөлүмү билим берүү тармагындагы аккредитациялык агенттиктердин жетекчилери үчүн жыйын уюштурду.
Аккредитациялоо жана сапатты баалоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Акулова Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 15- майындагы № 246 “Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялоо боюнча ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө” Токтомун аткаруудагы өзгөрүүлөр жөнүндө айтып берди.
Жыйындын катышуучулары аккредитациялык агенттиктердин ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын камсыздоо жана жакшыртуу маселелерин талкуулашты.