Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“МЕНИН НАСААТЧЫМ” ПРОГРАММАСЫН СЫНОО БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 229

Бишкек шаарынын 20 мектебинде жана Сокулук районунун 40 мектебинде «Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү» инструментин (ББПБЖ) колдонуу менен «Менин насаатчым» кесиптик өнүктүрүү программасын сыноо башталды. Бул байкоо реалдуу режимде/видео окуу куралын көрүү менен мугалимдерди үзгүлтүксүз колдоо максатында жүргүзүлүүдө. Мугалимдин сабагын объективдүү баалоо үчүн мугалим өзүнүн устатына берген сабактардын видеолору, видеофрагменттери колдонулат.

post.title

"Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү" (ББПБЖ) - сабактын жүрүшүндө мугалимдин да, окуучулардын да окуу чөйрөсүнө жана иш-аракеттерине байкоо салуунун негизинде түзүлгөн окутуу процессин комплекстүү баалоо инструменти.

Өлчөө үчүн негизги багыттарды аныктоого эмгек функциялары негиз болуп берди. Эмгек функциялары кесиптик стандартка таянат. Сабакта байкоо жана өлчөө жүргүзүү үчүн төрт багыт белгиленди:

  1. билим берүү чөйрөсү;
  2. сабакты уюштуруу;
  3. окутуунун методикасы же стратегиясы;
  4. баалоо.

Окуу процессинен эмнени талап кылынып, эмнени күтүшөт? Ар бир багыттагы негизги өлчөгүчтөр менен критерийлерди аныктаганда ушул эки маселе эске алынды. Алар билим берүү стандарттарында белгиленген компетенттүүлүктү/билим берүүнүн жыйынтыктарын калыптандырууга багытталган.

Сыноону жүргүзүү үчүн ар бир мектептен башталгыч класстын бир мугалими жана STEM багыты боюнча бир мугалим болуп, 120 педагог тандалып алынды. Мектепке видеокамера берилип, мугалимдер сабакты тартуу боюнча кыска курстан өтүштү. Насаатчылар үчүн видеону түзөтүү программасы жүктөлгөн планшеттер берилди. Насаатчылар сабактын негизги этаптарын ББПБЖ критерийлери боюнча баалоо жана рейтингдөө үчүн мугалимдер берген видеофрагменттерди колдонуу боюнча эки күндүк тренингден өтүшкөн.

“Билим берүү практикасына байкоо жүргүзүү” инструменти Билим берүү жана илим министрлиги ишке ашырып жаткан “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында иштелип чыкты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар