Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
“АЛТЫН БАЛАЛЫК” БОРБОРУНДА АЙМАКТАРДАН 1600гө ЖАКЫН БАЛА ЭС АЛАТ

Көрүлдү: 1084

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Ысык-Көл облусундагы “Алтын балалык” ден соолукту чыңдоо реабилитациялык борборунда аймактардан келген окуучулардын эс алуусу уюштурулду.

post.title

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы менен биргеликте балдардын ден соолугун чыңдоо менен бош убактысын өткөрүүнү пландаштырган. Буга министрликтин багыты боюнча 1585 бала эс алууга барат.

Биринчи агым менен 10-июндан 24-июнга чейин Алтын балалык борборунда 800 бала жана аларды коштоп жүргөн адамдар үчүн жатакана, тамак-аш, оюн-зоок программалары, ар кандай ийримдерде билим алуу камсыз кылынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар