Көрүлдү: 36
11-июнда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу биринчи валидацияга катышты.
Ош мамлекеттик университетинин Индустриалдык педагогикалык колледжинде иш берүүчүлөр жана квалификациялуу устаттардан турган атайын комиссия «Тигүү буюмдарын бычуу жөндөмү менен тикмечи» кесиби боюнча 8 талапкердин көндүмдөрүн баалады.
“Билим берүү жөнүндө” мыйзамга ылайык валидация – квалификацияны тастыктоочу документ берүү менен кесиптик компетенцияларды тастыктоо жана таануу үчүн жасалган көз карандысыз сертификациянын түрү.
Валидация Билим берүү жана илим министрлигинин “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында түзүлгөн 8 Алдыңкы тажрыйба борбордун базасында жүргүзүлөт.