Көрүлдү: 1624
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги "2022-2023-окуу жылына карата мектепке электрондук жазылуу" темасында маалымат жыйынын өткөрөт. Жыйын эртең, 26-январда саат 11.00дө, "Кабар" маалымат агенттигинин пресс-борборунда болот.
Жыйындын катышуучулары: Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Джусупбекова, Бишкек шаарынын мэриясынын билим берүү башкармалыгынын башчысы Назгүл Лосникова, Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация секторунун башчысы Расул Маматов, Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусеинова.