Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МУГАЛИМДЕРДИН ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫ: 5 МУГАЛИМ КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК КАТЕГОРИЯСЫН ТАСТЫКТАДЫ

Көрүлдү: 1016

Билим берүү жана илим министрлиги педагогикалык кызматкерлердин ыктыярдуу аттестациялоонун II-этабынын (тестирлөөнүн) жыйынтыгында 5 мугалим ыктыярдуу түрдө билдирилген квалификациялык категорияларын тастыктагандыгын маалымдайт.

post.title

9-июнда өткөн тестирлөөгө II этапка катышууга жолдомо алган 77 мугалимдин 74ү катышты.

Биринчи квалификациялык категориясын ыктыярдуу тастыктаган мугалимдер:

  1. Абдувахид Маматкулов – Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы № 12 Абдуганы Атамов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинин математика мугалими;
  2. Минавар Таштемирова – Баткен облусунун Баткен шаарындагы № 4 мектеп-гимназиясынын башталгыч класс мугалими.

Экинчи квалификациялык категориясын ыктыярдуу тастыктаган мугалимдер:

  1. Мавлюда Эралиева – Баткен облусундагы Баткен облустук гимназия жатак мектеби химия сабагынын мугалими;
  2. Анара Курбанова – Баткен облусунун Баткен районундагы Газ орто мектебинин орус тили жана адабияты мугалими;
  3. Мээрим Турдубаева Садырбековна – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы А.Деркембаев атындагы жалпы орто билим берүү мектебинин орус тили жана адабияты мугалими.

Белгилей кетсек, ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына катышуу үчүн республика боюнча 337 мугалим документ тапшырып, анын ичинен эксперттик комиссия 77 документке II этапка жолдомо берген. Жалпы квалификациялык категория ыйгарууга берилген арыздардын ичинен жогорку квалификациялык категорияга – 81 мугалим, биринчи квалификациялык категорияга – 118,  экинчи квалификациялык категорияга – 138 арыз берген.

Тестирлөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан уюштурулуп, жүргүзүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар