Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖАЛАЛ-АБАДДАГЫ КОЛЛЕДЖДЕР, КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕР ЭМЕРЕК МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛДУ

Көрүлдү: 709

Билим берүү жана илим министрлигинин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусунун колледждери жана кесиптик лицейлери окуу эмеректери жана кеңсе жабдуулары менен камсыз болду.

post.title

* Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Кара-Көл колледжине 2 547 230 сомго эмерек алынды.

* Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Майлуу-Суу колледжине 1 376 280 сомго эмерек алынды.

* Майлуу-Суу шаарындагы №76 кесиптик лицейге 970 840 сомго конференц-зал үчүн эмерек, парталар, отургучтар, такталар, текчелер, илгичтер жеткирилип берилди.

* Базар-Коргон шаарындагы №63 кесиптик лицейге 553 930 сомго парталар, отургучтар, такталар, текчелер, илгичтер жеткирилген.

* Кербен шаарындагы № 69 кесиптик лицейге 553 932 сомго эмерек жеткирилген.

Буга чейин "Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр" долбоору менен бул кесиптик лицей жана колледждерде оңдоо иштери жасалган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар