Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МУРАТБЕК КАСЫМАЛИЕВ “КЕЛЕЧЕКТИ КАЛЫПТАНДЫРУУ” ЭЛ АРАЛЫК ФОРУМУНА КАТЫШУУДА

Көрүлдү: 189

10-11-июнь күндөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Казанда билим берүү министрлеринин “Келечекти калыптандыруу” эл аралык форумуна катышууда.

post.title

Форумга ошондой эле Россия Федерациясынын агартуу министри Сергей Кравцов, Россия Федерациясынын илим жана жогорку билим берүү министри Валерий Фальков, Татарстан Республикасынын Раис башчысы Рустам Минниханов, Беларустун, Бразилиянын, Индиянын, Ирандын, Кытайдын, Мексиканын жана башка өлкөлөрдүн билим берүү министрлери катышууда.

Форумдун катышуучулары мектепке чейинки жана орто билим берүүнү өнүктүрүү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөө, кесипке багыттоо иштеринин өзгөчөлүктөрү, билим берүүдө жасалма интеллектти колдонуу маселелерин талкуулашат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар