Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗСТАНДЫК ОКУУЧУЛАР АЛЬ-ХОРЕЗМИ ОЛИМПИАДАСЫНДА 3 МЕДАЛЬ ЖЕҢИП АЛЫШТЫ

Көрүлдү: 856

2024-жылдын 26-31-майында Ташкентте өткөн өспүрүмдөр арасындагы математика боюнча II Эл аралык Аль-Хорезми олимпиадасында №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу Султан Мусаходжаев алтын медаль, №62 мектеп-гимназиясынын окуучусу Арлан Керимов жана “Газпром Кыргызстан” мектебинин окуучусу Тимур Акенеев коло медаль жеңип алышты.

post.title

Олимпиадага Кыргыз Республикасынын командасында Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицейинин окуучулары Атажан Чолпонкулов, Нуржамал Пазылбекова жана Даниил Елистратов, Ош шаарындагы эл аралык мектептин окуучусу Бектен Абдувалиев, П.К.Купуев атындагы академиянын окуучусу Айдар Шакиралиев катышты.

Команданын жетекчилери жана машыктыруучулары –   Мамат Ишматов жана Тимур Мамбетов.

Бул жылы олимпиадага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан 135 окуучу катышты.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар