Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
Пресс-анонс

Көрүлдү: 911

Мугалимдердин климаттын өзгөрүшүнө каршы туруктуулукту камсыздоодогу лидерлиги: Дүйнөнүн ар тарабынан келген делегаттар "Мектептер2030" программасы тарабынан жылда өткөрүлүүчү үчүнчү Глобалдык форумда чогулат.

post.title

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Ага Хан фонду 2024-жылдын 11-13-июнь күндөрү билим берүү тармагында 250дөн ашуун делегатты тосуп алат.

Быйыл глобалдык форум Кыргызстандын билим берүү системасынын 100 жылдыгына арналган.

Үч күнгө созулган форумда үч негизги багыт каралат: окутуу процесинин натыйжалуулугун жогорулатуунун жолдору, окутуу чөйрөсүн жакшыртуу жана билим берүү системаларын күчөтүүнүн жолдору.

Делегаттардын арасында мугалимдер, мектеп жетекчилери, жаштар, жарандык коом өкүлдөрү, эл аралык уюмдар, донорлор жана мамлекеттик мекемлер менен өнөктөштөр болот.

Глобалдык форум бул маселелерди ар тараптуу изилдөө жана бул актуалдуу теманы чечүү үчүн ар түрдүү көз караштарды сунуштайт.

"Мектептер2030" – бул он өлкөдөгү 1000 билим берүү уюм менен иштеген глобалдык программа. Программа коомдун өнүгүүсүн колдогон балдардын билимин жана көндүмдөрүн калыптандыруудагы мыкты практикаларды жана чечимдерди аныктоого жана жайылтууга көмөктөшөт.

Эмне:

Мектептер2030 программасы тарабынан өткөрүлчү глобалдык форум

Качан жана кайда:

“Ала-Арча” мамлекеттик резиденцияда, 11-июнь күнү

Медиа өнөктөштөр үчүн транспорт (бус) Хаят мейманкасанынан саат 7:30да чыгат.

12-13 июнь күндөрү форум Хаят мейманкасында өткөрүлөт

Суроолор боюнча:

Гульмира Уметалиева

КР ББИМ Маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы

+996 554 445 566

По вопросам:

Азиза Кочконбаева

Специалист по коммуникациям программы Школы2030

aziza.kochkonbaeva@akdn.org

+996 777 39 40 08

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар