Көрүлдү: 773
Ош мамлекеттик университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети дүйнөдөгү алдыңкы QS Quacquarelli Symonds уюмунун QS Stars Эл аралык университеттер рейтингинде 4 жылдыз ыйгарылып, “төрт жылдыздуу" университеттердин катарына киргизилди.
QS Stars комплекстүү баалоонун жыйынтыгында ОшМУ – билим берүү (Teaching ) жана ишке орноштуруу (Employability ), КТМУ – ишке орноштуруу (Employability ) жана глобалдык катышуу (Global Engagement ) критерийлери боюнча эң жогорку 5 жылдызга ээ болду.
QS Stars – 8 түрдүү категориядагы 30 көрсөткүчтү колдонуу менен университеттерди баалаган көп өлчөмдүү рейтинг системасы.
ОшМу рейтинг - https://www.topuniversities.com/universities/osh-state-university
КТМУ рейтинг - https://www.topuniversities.com/universities/kyrgyz-turkish-manas-university