Көрүлдү: 439
“Газпром Кыргызстан” мектебинин 8-классынын окуучусу Ян Бобрус Информатика боюнча XVIII Азия-Тынч океан олимпиадасынан (Asia-Pacific Informatics Olympiad – APIO) күмүш медаль жеңип алды.
Ян Бобрусту олимпиадага мугалим Медербек Осмонов даярдаган.
2024-жылдын 18-20-майында Кытай эл Республикасы тарабынан өткөзүлгөн бул олимпиадага Азия-Тынч океан аймагындагы 35 өлкөдөн 286 окуучу катышты. Кыргызстандын 7 окуучудан турган командасы олимпиадага онлайн видео көзөмөл форматында катышты.
Жыйынтыктар – https://apio2024.org/ranking