Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА МЕДИЦИНАЛЫК БАГЫТТА БИЛИМ БЕРГЕН ЖОЖдордун РЕКТОРЛОРУ МЕНЕН ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 698

6-июнда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өлкөдө медициналык багытта билим берген жогорку окуу жайлардын жетекчилери менен онлайн\оффлайн форматында жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында Кыргызстанда медицина жаатында билим алган чет өлкөлүк студенттердин коопсуздугу, аларга түзүлгөн шарттар, Кыргыз Республикасынын өзгөчөлүгү, маданияты боюнча жүргүзүлгөн маалымдуулук тарбия иштери, ЖОЖдордогу билим берүүнүн сапаты жана алардын илимий-практикалык базасын жакшыртуу маселелери талкууланып, сунуштар айтылды.

Министр Догдуркүл Кендирбаева жогорудагы маселелер боюнча комиссия түзүлүп, анализдер жасаларын жана медициналык багыттагы жогорку окуу жайларга талаптар күчөтүлөрүн билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар