Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ПРЕСС-АНОНС

Көрүлдү: 266

7-июнда “Кыргыз тилин окутуп-үйрөтүүдөгү жаңы мамилелер жана анын келечеги” республикалык форуму өтөт.

post.title

Форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана КР Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиевдин катышуусу күтүлүүдө. 

Республикалык форум Билим берүү жана илим министрлиги, Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институту менен КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын биргелешкен планын негизинде уюштурулууда.

Форумдун максаты – кыргыз тилин мектепке чейинки, мектепте жана жогорку окуу жайларында окутуунун көйгөйлөрүн жана аларды чечүү жолдорун талкуулоо, практик мугалимдердин алдыңкы тажрыйбалары менен бөлүшүү, билим берүү мекемелеринин ортосундагы үзгүлтүксүз байланышты өркүндөтүү болуп саналат. 

Убактысы: 2024-жылдын 7-июну, саат 9:00.
Орду: Кыргызпатенттин инновациялык борбору.  
Дареги: Бишкек ш., Эркиндик гүлбагы, 58 а, 2-кабат.   

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар