Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНАН ҮЧ УНИВЕРСИТЕТ ДҮЙНӨЛҮК РЕЙТИНГДИН ТИЗМЕСИНЕ КИРДИ

Көрүлдү: 767

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети, Кыргыз-Россия Славян университети жана Кыргыз-Түрк “Манас” университети QS World University Rankings 2025 тизмесине кирди.

post.title

QS (Quacquarelli Symonds) версиясы боюнча дүйнөнүн 1503 университетинен Кыргыз-Россия Славян университети – 851-900, Кыргыз-Түрк “Манас” университети – 901-950, Кыргыз мамлекеттик техникалык университети 1201-1400 орунду эледи.

Өзгөчө макамдагы ЖОЖдордун арасынан И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети жана Кыргыз-Россия Славян университети абройлуу Quacquarelli Symonds рейтингине биринчи жолу кирди.

Бул жылы рейтингинде биринчи орунду –АКШдагы Массачусетс технологиялык институту, экинчини – Лондон императордук колледжи, үчүнчүнү – Оксфорд университети ээледи.

Университеттер төмөндөгү критерийлер боюнча бааланды:

  • жогорку окуу жайдын академиялык кадыр-баркы / Academic Reputation,
  • жумуш берүүчүлөр арасында аброю / Employer Reputation,
  • окутуучулар менен студенттердин санынын катышы / Faculty/Student Ratio,
  • окутуучулардын илимий иштерине шилтемелердин индекси / Citations per faculty,
  • чет өлкөлүк окутуучулардын катышы / International faculty ratio,
  • чет өлкөлүк студенттердин катышы / International student ratio,
  • эл аралык изилдөө тармагы / International Research Network.
  • жумушка орношуу көрсөткүчү/ Employment Outcomes,
  • туруктуулук /Sustainability.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар