Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮНҮ ТРАНСФОРМАЦИЯЛООГО КӨМӨКТӨШҮҮ ЖӨНҮНДӨ MARSHALL CAVENDISH EDUCATION МЕНЕН МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Көрүлдү: 544

6-июнда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен Marshall Cavendish Education директору Сью Пэн Йим билим берүүнү трансформациялоого көмөктөшүү үчүн өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

post.title

Меморандум төмөнкүлөрдү камтыйт:

* Marshall Cavendish Education машыктыруучуларды электрондук билим берүү ресурстарын түзүү, насаатчылык кылуу, PISAга даярдоо үчүн окуучулардын илимий жана математикалык сабаттуулугун жогорулатууга колдоо көрсөтөт;

* Cerebry платформасын кыргыз жана орус тилдерине которуу: Билим берүү жана илим министрлиги Cerebry платформасын кыргыз жана орус тилдерине которуу демилгесин көтөрө алат, бул көбүрөөк окуучуларды камтууга жана окуунун натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.

Ошондой эле  “Окуу китеби “Басма үйү” мамлекеттик мекемеси менен Сингапурдун Marshall Cavendish Education басма үйүнүн ортосунда кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду. Келишимдин негизинде Окуу китеби “Басма үйү мамлекеттик мекемеси 1-11-класстар үчүн математика жана табигый илимдер, 6-класстар үчүн англис тили боюнча окуу материалдарын которуу жана адаптациялоо укугуна ээ болот.

Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева бул келишимди «тарыхый күн», «тагдыр чечер окуя», улуттук билим берүү тутумун масштабдуу модернизация кылуу жолундагы «чечкиндүү кадам» деп атады.

«Marshall Cavendish Education басма үйүнүн 60 жылдык тарыхында 90дон ашуун өлкө менен кызматташып, 14 тилде ийгиликтүү которгон китеби бизге жеткиликтүү болуп турат. Сингапур өлкөсүндөгү билим берүүнүн сапатындагы жетишкендиктерине сиздер чыгарган китептердин өтө чоң орду бар деп ишенебиз. Биз көп өлкөлөрдү тандап, талдап, иликтеп чыгып, сиздер менен кызматташууну чечтик. Билим берүү системасын эң күчтүү билген практик эксперттерди да сунуштасаңыздар, биз кызматташууга даярбыз», — деди министр.

Marshall Cavendish Education мекемесинин алдындагы Times Publishing Limited басмаканасынын башкы директору Сью Пэн Йим меморандумду Кыргызстан менен Сингапурдун ортосундагы кызматташтыктын маанилүү кадамы деп белгилеп, Кыргызстандын билим берүү тармагын жаңылоодо “Алтын казык” программасынын ишке ашышына салым кошуп жатканына кубанычта экенин билдирди.

«Биз бул маанилүү максатка жетүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөш болгонубузга сыймыктанабыз, биздин өнөктөштүгүбүз Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн келечегине оң таасирин тийгизет деп ишенебиз», - деди директор Сью Пэн Йим. 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар