Көрүлдү: 617
“Башталгыч кесиптик билим берүү системасы: анын өлкөдөгү кадрларды даярдоодогу жана профилдик билим берүүдөгү орду”
4-июнда Билим берүү жана илим министрлиги “Кабар” маалымат агенттигинде “Башталгыч кесиптик билим берүү системасы: анын өлкөдөгү кадрларды даярдоодогу жана профилдик билим берүүдөгү орду” темасында басма сөз жыйынын өткөрөт.
Башталгыч кесиптик билим берүү системасы 99 окуу жайы кирет, алардын ичинен кесиптик лицейлер - 92, түзөтүү мекемелериндеги кесиптик окуу жайлары - 6, ошондой эле Токмок индустриалдык педагогикалык колледжи.
Аймактар боюнча: Бишкек шаарында – 16, Чүй облусу – 19, Ысык-Көл облусу – 8, Нарын облусу – 6, Талас облусу – 6, Жалал-Абад облусу – 19, Ош облусу – 14, Баткен облусу – 11.
Бүтүрүүчүлөрдүн жалпы санынын ичинен окууну аяктагандан кийинки биринчи жылы 66% ишке орношот, 11% республиканын чегинен тышкары ишке кетишет, 8% орто жана жогорку окуу жайларында окуусун улантышат, 3% армияда кызмат өтөйт.
Катышуучулар:
- Абазбек уулу Расул, КР Билим берүү жана илим министринин орун басары;
- Мамырова Гульнур Джекшебаевна, Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы;
- Абдыкапаров Максат Артисбекович, эксперт;
- Урумкалиева Ч.Ч., № 99 кесиптик лицейинин директору;
- Орунтаев Т., №18 кесиптик лицейинин директору;
- Белялов Ш., №3 кесиптик лицейинин директору;
- Абдыкалыкова Р., №17 кесиптик лицейинин директору;
- Колопов А., №97 кесиптик лицейинин директору;
- Серекова А.К., №93 кесиптик лицейинин директору.
Убактысы: 2024-жылдын 4-июну, саат 11:00.
Жери: «Кабар»маалымат агенттиги, Бишкек ш., Ж.Абдрахманов көчөсү, 175.
Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гульмира Уметалиева 0554 445 566 / 0312 62 35 91.