Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
АКЫЛМАН ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ КАБЫЛ АЛУУ: 8-КЛАССТАР ҮЧҮН I ТУР БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 650

Билим берүү жана илим министрлиги “Акылман” Президенттик лицейине кабыл алуу үчүн 3-4-5-июнь күндөрү 8-класстарга I турдун онлайн тестирлөөсү жүргүзүлөрүн маалымдайт.

post.title

Онлайн тестирлөө https://exam.edu.kg/ сайты аркылуу жүргүзүлүп, 5 предмет боюнча тапшырылат:

  • математика – 25 суроо 
  • логика – 15 суроо
  • кыргыз тили – 15 суроо 
  • орус тили – 15 суроо   
  • тарых – 15 суроо 

Биринчи турдун жалпы графиги:

3-июнь – Нарын облусу (11:00-13:00), Ош облусу (15:00-17:00), Ош шаары (15:00-17:00).

4-июнь – Ысык-Көл облусу (11:00-13:00), Талас облусу (11:00-13:00), Жалал-Абад облусу (15:00-17:00).

5-июнь – Баткен облусу (11:00-13:00), Чүй облусу (15:00-17:00), Бишкек шаары (15:00-17:00 ).

Эскерте кетсек, 6-июнь күнү саат 11:00дөн 14:00гө чейин I турдун катышуучуларынын телефон чалуулары, кайрылуулары каралат. II турга өткөндөрдүн жыйынтыгы 7-июнда “Акылман” Кабыл алуу - 2024” https://t.me/akylmanpresidentialschool телеграм каналы аркылуу кабарланат.

Консультация үчүн:

+996704140792

+996700038596

+996507888112 

Чалуулар саат 9:00дөн 18:00гө чейин кабыл алынат.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар