Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
№12 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙИНДЕ ШКУ МАМЛЕКЕТТЕРИНДЕГИ БИРИНЧИ ЛАБОРАТОРИЯЛЫК БОРБОР АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 1132

31-майда Ош мамлекеттик университетинин №12 кесиптик лицейинин аймагында “Келечек муундун ХАБы” (“Next Generation HUB”) борбору ачылды.

post.title

Борбордун ачылуу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Кытай Эл Республикасынын КРдеги элчиси Ду Дэвэнь, Кытайдагы Jiangsu Huibo Robotics компаниясынын жетекчилери, чет өлкөлөрдөн келген коноктор катышты.

Jiangsu Huibo Robotics компаниясы менен кызматташтыкта ачылган 500 чарчы метр борборго 7 млн АКШ долларына робототехникалар, керектелүүчү жабдуулар алынган. Робототехника жана жасалма интеллект борбору Азия аймагында жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна кирген мамлекеттердеги эң биринчи лабораториялык борбор болуп саналат. 

Борбордо жеткинчектер жана мектеп окуучулары үчүн робототехника курстары ачылат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар