Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КАРА-СУУ ШААРЫНДА 9 КЫСКА МӨӨНӨТТҮҮ БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Көрүлдү: 1016

Билим берүү жана илим министрлиги 30-майда Ош облусунун Кара-Суу шаарындагы Ынтымак, Папан, Жоош, Датка айыл аймактарында 9 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылганын маалымдайт.

post.title

Кыска мөөнөттүү бала бакчаларда 23 тайпа ачылып, 1110 бала тартылды.

Буга чейин Кара-Суу районунда 12 кыска мөөнөттүү бала ачылып, 42 тайпада 1576 бала тартылган.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан 2026-жылга карата мектепке чейинки билим берүүнү камтууну эки эсеге көбөйтүү милдети коюлган. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасында бул милдетти аткаруу үчүн негизги чаралары  чагылдырылган.

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында ачылды.

Кыска мөөнөттүү бала бакчалар мамлекеттик стандарттарга ылайык балдардын өнүгүүсүнө көңүл бурган 3 сааттык программаны сунуштайт. Мында уктоо жана тамактануу убактысы каралган эмес. Мындай формат экономикалык жактан пайдалуу жана эки нөөмөттө (смена) сабактарды уюштуруунун эсебинен мектепке чейинки өнүктүрүү программаларында камтылган балдардын санын эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар