Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ АВИАЦИЯЛЫК ИНСТИТУТУНУН ДИРЕКТОРУ ДАЙЫНДАЛДЫ

Көрүлдү: 484

Билим берүү жана илим министрлиги И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун директору кызматына Улан Курманов дайындалганын маалымдайт.

post.title

Сынактык тандоо Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 418 “Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө” токтому менен бекитилген Мамлекеттик жогорку окуу жайлардын жетекчилерин кызматка дайындоо, бошотуу жана аттестациялоо тартиби жөнүндө жобого ылайык жүргүзүлдү.

Белгилей кетсек, министрлик 2024-жылдын 26-апрелинен 14-майына чейин Кыргыз авиациялык институтунун директорлугу кызмат ордуна ачык сынак жарыялаган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар