Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
6-КЛАССТАР АРАСЫНДА “АКЫЛМАН” ПРЕЗИДЕНТТИК ЛИЦЕЙИНЕ ТАНДООНУН III ТУРУНАН 854 ТАЛАПКЕР ӨТТҮ

Көрүлдү: 1258

20-21-май күндөрү 6-класстар үчүн өткөрүлгөн II турдун онлайн тестирлөөсүнө 2922 талапкер катышып, жыйынтыгында республика боюнча III турга 854 талапкер өттү.

post.title

III турдун оффлайн тестирлөөсү 27-майда –Баткен, 28-майда – Ош,  29-майда – Жалал-Абад, 30-майда – Чүй облусундагы жана Бишкек шаарындагы талапкерлер үчүн  өткөрүлдү.

31-майда – Талас, 1-июнда – Нарын, 2-июнда – Ысык-Көл облусундагы талапкерлер үчүн III турдун оффлайн тестирлөөсү өткөрүлөт. 6-июнда 5 мүчөдөн турган атайын кабыл алуу комиссиясы үчүнчү турдун жыйынтыгын аныктайт.

Эскерте кетсек, конкурстук тандоонун жыйынтыгы боюнча алтынчы класстын окуучуларынын арасынан 72 окуучу “Акылман” Президенттик лицейинин 7-классына кабыл алынып, эң жогорку балл алган 10 талапкер резервге алынат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар