Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ТЕЛЕФОН ШЫЛУУНДАРЫ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТЕТ

Көрүлдү: 516

Билим берүү жана илим министрлиги министрликтин жетекчилигинин, кызматкерлеринин атынан мессенжерлер жана социалдык тармактар аркылуу (Whatsapp, Telegram, Facebook) жашыруун номурдан жазып, чалган шылуундар тууралуу эскертет.

post.title

Министрлик эгерде билим берүү уюмуна техникалык каражаттарды бөлүп берсе, анда ал атайын буйрук менен бекитилет. Министрликтин буйругунун көчүрмөсү билим берүү уюмуна аткаруу үчүн кат жүзүндө жиберилет. Министрликтен техникалык каражаттарды алуу үчүн билим берүү уюму акча каражаттарын которбошу керек.

Андыктан министрликтин же анын кызматкерлеринин атына жамынган адамдардын чалууларына ишенбөөгө, акча каражаттарын которбоого чакырабыз.

Эгерде сиз мындай учурга туш болсоңуз, анда сиздер менен иш алып барган министрликтин кызматкерине чалып, тактоону сунуштайбыз. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар