Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЛИРА САМЫКБАЕВА ФИНАНСЫЛЫК МАКУЛДАШУУНУН АТКАРЫЛЫШЫ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Көрүлдү: 142

29-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билим берүү секторун бюджеттик колдоо программасы боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Финансылык макулдашуунун үчүнчү траншын бөлүп берүү үчүн максаттуу көрсөткүчтөргө жетишүүдө иштер жөнүндө жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйынга министрликтин борбордук аппаратынын, түзүмдүк бөлүктөрүнүн жооптуу кызматкерлери жана Евробиримдиктин “Кыргыз Республикасындагы билим берүү секторун колдоо” долбоорунун эксперти катышты.

Жыйындын жүрүшүндө үчүнчү транштын көрсөткүчтөрүн аткаруу боюнча милдеттерди өз убагында чечүү жана каржылоо иш-чаралары боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу маселелери талкууланды. Жооптуу адистерге үчүнчү транштын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы боюнча ай сайын отчет берип туруу тапшырылды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасы менен Европа Союзунун ортосундагы Билим берүү секторунда реформа жүргүзүү боюнча Финансылык макулдашуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №172-р Тескемеси менен жактырылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар