Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ҮЧ МАМЛЕКЕТТИК МЕКЕМЕ ЖАШТАРДЫН ФИНАНСЫЛЫК КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БОЮНЧА МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЙДУ

Көрүлдү: 136

29-майда Билим берүү жана илим министрлиги, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Финансы министрлигине караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматы өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол койду.

post.title

Меморандумга Кылмыштуу кирешелерди адалдоо жана тероризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча Евразиялык топтун  40-пленардык жумалыгынын алкагында кол коюлуп, ага Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын төрагасы Канат Асангулов катышты. 

Меморандумдун максаты – финансылык коопсуздук маселелерин жайылтууга, ошондой эле жаштарда финансылык бүтүмдөрдүн шектүү түрлөрүн аныктоо боюнча компетенцияларды калыптандырууга, шектүү банктык операцияларга тартуу тобокелдиктерин азайтууга жана алдамчылык схемалардын жайылтылышына жол бербөөгө багытталган республикалык олимпиаданы мектеп окуучулары үчүн биргелешип уюштуруу жана өткөрүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар