Көрүлдү: 320
1-ИЮНЬ — БАЛДАРДЫ КОРГООНУН ЭЛ АРАЛЫК КҮНҮ
Билим берүү жана илим министрлиги 1-Июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө
арналган “Улуттун жаркын келечеги” майрамдык иш-чарасына чакырат.
Иш-чаранын программасы балдар үчүн атайын аянтчаларда 50дөн ашык мастер-класстарды жана оюндарды камтыйт.
Иш-чара балдардын укугу жөнүндөгү Конвенциясын аткаруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсанды руханий-адеп-ахлактык өнүктүрүү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын жана Концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлөт.
Убактысы: 2024-жылдын 1-июну, саат 9:30-13:00.
Өткөрүү орду: “Сейтек” Улуттук балдардын жана өспүрүмдөрдүн борбору, Эмен паркы.
Байланыш: Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Гүльмира Уметалиева, +996 554 445 566