Көрүлдү: 2245
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 415 “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” 2024-жылдын 12-апрелиндеги №176 Токтому күчүнө кирди.
Токтомго ылайык долбоордун жаңы редакциясы бекитилди. Эми долбоордо каржылоо булактары катары Кыргыз Республикасынын 2024-2025 жана андан кийинки жылдарга республикалык бюджети, “РСК Банк”, “Айыл Банк”, “Керемет Банк” ачык акционердик коомдорунун каражаттары көрсөтүлгөн.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү –2024-жылдын январынан тартып 60 ай.
Насыялар ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга берилет:
Кредиттин суммасы жана мөөнөтү:
1) 60 айлык мөөнөткө мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын курууга 70,0 млн сомго чейинки суммада;
2) 60 айлык мөөнөткө капиталдык оңдоого/реконструкциялоого (негизги каражаттарды эске алуу менен) 50,0 млн сомго чейинки суммада;
3) 36 айлык мөөнөткө негизги каражаттарын сатып алууга жана жаңылоого 10,0 млн сомго чейинки суммада.
Белгиленген пайыздык ставка - 10%.
Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы №415 токтому менен Кыргыз Республикасынын аймактарында мектепке чейинки билим берүү уюмдарын куруу үчүн участоктордун тизмеси 2-тиркемеге https://cbd.minjust.gov.kg/160380/edition/8374/kg?anchor=pr2 ылайык бекитилген.
Шилтемелер:
2023-жылдын 14-августундагы № 415 Токтомдун тексти - https://cbd.minjust.gov.kg/160380/edition/1275780/kg?anchor=pr1
2024-жылдын 12-апрелиндеги №176 Токтомдун тексти - https://erkin-too.kg/wp-content/uploads/2024/04/19_04_compressed.pdf
Долбоордун жаңы редакциясынын тексти ( Тиркеме 1) - файл