Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
1-КЛАССКА ЭЛЕКТРОНДУК КАТТОО: БИРИНЧИ ЭТАПТЫН БҮТҮШҮНӨ 5 КҮН КАЛДЫ

Көрүлдү: 432

Билим берүү жана илим министрлигинин санариптик трансформация бөлүмүнүн 28-майга карата берген маалыматына ылайык республика боюнча 69 миң 919 бала катталды.

post.title

Анын ичинен облустар жана шаарлар боюнча:

Ош облусу – 13 926 бала катталды;

Жалал-Абад облусу – 13 956;
Чүй облусу – 10 956;
Баткен облусу – 8153;
Ысык- Көл облусу – 6291; 
Нарын облусу – 3998; 
Талас облусу – 3616; 
Бишкек шаары – 6811; 
Ош шаары – 2212.

Бишкек шаары боюнча толгон мектептер:
1. №26 француз тилин тереңдетип окутууну камтыган гимназия-комплекси.
2. №70 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
3. №29 мектеп-гимназия окуу-тарбиялык комплекси.
4. Гейдар Алиев атындагы № 20 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

5. №13 англис тилин тереңдетип окутууну камтыган мектеп-гимназиясы.

6. А.С. Пушкин атындагы №17 мектеп-гимназия окуу-тарбия комплекси.

Белгилей кетсек, балдарды мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин биринчи классына электрондук каттоонун I этабы жашаган жери боюнча (катталган жери боюнча) 8-апрелден 2-июнга чейин жүрсө, II этап – анык жашаган жери боюнча (факт боюнча) 3-июндан 30-августка чейин жүргүзүлөт.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар