Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ИНДИЯНЫН ЖМКларына МАЕК БЕРДИ

Көрүлдү: 427

27-майда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева берген маегинде чет элдик студенттердин коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын билдирди.

post.title

Индиялык делегация “INH News”, “Janta TV” телеканалдарынын, “Haribhoomi” гезитинин 
башкы редактору Химаншу Двиди (Himanshu Dwidi) менен 18-майда Бишкекте болгон окуяларга байланыштуу маек жаздырды.

“Ар бир ата-эненин тынчсыздануусун түшүнүү менен кабыл алам. Интернетте кырдаалды бурмалаган билдирүүлөр болгондуктан ата-энелердин тынчсыздануусун күчөттү. Азыр кырдаал Президенттин жана өкмөттүн катуу көзөмөлүндө турат”, - деди министр Догдуркүл Кендирбаева. 

Министр чет элдик студенттердин  коопсуздугун камсыз кылуу үчүн окуу он-лайнга өткөрүлгөнүн айтты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар