Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫ TASIMO ОЛИМПИАДАСЫНАН 7 МЕДАЛЬ АЛДЫ

Көрүлдү: 401

Кыргыз Республикасынын окуучулары TASIMO Ташкент эл аралык математикалык олимпиадасында 4 күмүш, 3 коло медалга ээ болушту.

post.title

Күмүш медаль ээлери: 

 – Назар Киргизбаев жана Айдин Асанкадыров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучулары; 

– Нурсултан Эшперов жана Сейит Рыскулов, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 10-классынын окуучулары;

Коло медаль ээлери:

 – Нурдөөлөт Капаров, Б.Якирдин атындагы №61 автордук физика-математикалык мектеп-лицей окуу комплексинин 10-классынын окуучусу;

– Тимур Акенеев, “Газпром Кыргызстан” мектебинин 9-классынын окуучусу;

– Султан Мусаходжаев, №70 окуу-тарбиялык комплекс мектеп-гимназиясынын 8-классынын окуучусу.

Олимпиадага кыргызстандык окуучуларды математика мугалими Мамат Ишматов даярдаган. 

17-20-майда TASIMO Ташкент эл аралык I математикалык олимпиадасына 10 өлкөдөн 300дөн ашуун окуучу катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар