Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
БИЛИМ БЕРҮҮ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮН ЛИЦЕНЗИЯЛОО БОЮНЧА ЭКСПЕРТТЕРДИ ОКУТУУ БАШТАЛДЫ

Көрүлдү: 435

27-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо боюнча эксперттердин окутуу семинарынын ачылышына катышты.

post.title

Министрдин орун басары бүгүнкү семинар лицензиялоонун жол-жобосу боюнча эксперт-адистерди даярдоого багытталганын жана окутууга билим берүү системасындагы тажрыйбалуу адистерден турган тренерлер тартылганын белгиледи.

Семинардын жүрүшүндө “Билим берүү ишмердүүлүгүн лицензиялоо жана билим берүү программаларына карата лицензиялык талаптар”, “АСУЛА - электрондук лицензиялоо платформасы боюнча жалпы маалыматтар” жана “Лицензиялык текшерүү баракчасын толтуруу” темаларында баяндамалар жасалат.

Белгилей кетсек, ушундай эле окутуу семинары 28-29-май күндөрү Ош мамлекеттик университетинин базасында өткөрүлөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар