Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ МИНИСТРЛИКТИН АРДАК ГРАМОТАСЫ МЕНЕН СЫЙЛАНДЫ

Көрүлдү: 515

24-майда Билим берүү жана илим министринин орун Расул Абазбек уулу “Акыркы коңгуроо” салтанатына карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундардын окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери үчүн Министрликтин Ардак грамотасы менен төмөнкү кесиптик лицейлердин кызматкерлерин сыйлады:

post.title

* Бермет Бейшенова, Ригина Цыс, Валентина Григоренко – Бишкек шаарындагы №98 байланыш жана маалымат технологиялар кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуунун устаттары;

* Тилекмат Мусаев, Нарынкүл Суранчиева, Гульнар Асакеева, Татьяна Ивженко – Чүй облусунун Сокулук районундагы Шопоков шаарында жайгашкан Д.Шопоков атындагы №106 кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуунун устаттары;

* Нүрбү Абылкасымова – Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан Б.С. Шаршенбаев атындагы №43 кесиптик лицейинин өндүрүштүк окутуунун устаты.

Ошондой эле башталгыч кесиптик лицейлер арасында “Бир баладан – бир көчөт” акциясына активдүү катышып, мыкты натыйжаларды жана өлкөнү жашылдандырууга кошкон салымы үчүн ыраазычылык каттары менен төмөнкү окуу жайлар сыйланды:

1. Бишкек шаарындагы С.Чокморов атындагы №10 кесиптик лицейи;

2. Бишкек шаарындагы №93 кесиптик лицейи;

3. Бишкек шаарындагы №20 кесиптик лицейи;

4. Чүй облусундагы №43 кесиптик лицейи;

5. Чүй облусундагы №102 кесиптик лицейи;

6. Чүй облусундагы №28 кесиптик лицейи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар