Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МУРАТБЕК КАСЫМАЛИЕВ №69 ОКУУ-ТАРБИЯ КОМПЛЕКС-ГИМНАЗИЯСЫНДА “АКЫРКЫ КОҢГУРОО” САЛТАНАТЫНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 1289

25-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Токтогул Сатылганов атындагы №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында “Акыркы коңгуроо” салтанатына катышты.

post.title

Муратбек Касымалиев быйыл аталган гимназиянын 4 окуучусу “Алтын тамга” жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияcынын жыйынтыгында “Артыкчылык менен” аттестатын алуу укугуна ээ болгонун айтып, бул жетишкендиктердин артында мугалимдердин талыкпас мээнети жана окуучулардын аракети турарын белгиледи.

Ошондой эле министрдин орун басары гимназиянын 35 жылдык мааракесине карата көп жылдык үзүрлүү эмгеги, билим берүү тармагына кошкон салымы, жаш муундарды окутуп тарбиялоодогу жетишкендиктери үчүн төмөндөгү мугалимдерге Билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисин жана Ардак грамотасын тапшырды.

* “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси – Кенжекул Усупбай уулу, кыргыз тили жана адабияты мугалими;

* Ардак грамота – Венера Тайгожоева, кытай тили мугалими;

* Ардак грамота – Эльдияр Джарашев, ийрим жетекчиси;

* Ардак грамота – Эдилбек Үсөнбек уулу, ийрим жетекчиси;

Белгилей кетсек, №69 окуу-тарбия комплекс-гимназиясында 9-классты 324, 11-классты 173 окуучу бүтүрүүдө.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар