Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВАНЫН ОКУУЧУЛАРДЫ, БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮ, АТА-ЭНЕЛЕРДИ ОКУУ ЖЫЛЫНЫН АЯКТАШЫ МЕНЕН КУТТУКТООСУ:

Көрүлдү: 1258

“Кымбаттуу бүтүрүүчүлөр, сүйүктүү окуучулар, кадырлуу кесиптештер жана урматтуу ата-энелер!

post.title

Баарыңыздарды окуу жылынын ийгиликтүү аякташы, “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен чын дилимден куттуктайм!

Бүтүрүүчүлөргө билим жолунда багыт көрсөткөн мугалимдердин күжүрмөн аракетин, талыкпас эмгегин баса белгилеп, ак эмгегиңиздер үчүн ар бириңиздерге терең ыраазычылык билдирем!

Өлкө жетекчибиз Садыр Жапаров тарабынан балдарыбыздын жаркын келечегин түптөө үчүн чоң аракеттер, колдоолор жасалууда. Алсак, акыркы үч жылда 300дөн ашуун мектеп салынып, пайдаланууга берилди.

Алдыда мамлекет башчыбыздын чечкиндүү кадамдары менен билим берүү системасын чоң өзгөрүүлөр күтүп турат. Бардык аракеттер ар бир баланын татыктуу, заманбап билим алуусуна багытталууда.

Быйыл өлкө боюнча 9-классты 128 миңден ашуун, 11-классты 73 миңден ашуун улан-кыз аяктап жатат.

Урматтуу бүтүрүүчүлөр!

Бүгүн ар бир бүтүрүүчүгө кыялдарын жана максаттарын ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген турмуштун жаңы барагы ачылып турат.

Силер – жаркын келечектин ээлери, жаратуучуларысыңар! Андыктан өлкөнүн жаратман, эмгекчил, билимдүү инсаны болгула!

Жолуңар ачык, келечегиңер кең болсун!

Сапарыңар байсалдуу болуп, кыялдарыңар ишке ашсын!”

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар