Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
ЖАКЫНДА УЛУТТУК РЕЙТИНГДЕГИ ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРДЫН ЛИДЕРЛЕРИ ЖАРЫЯЛАНАТ

Көрүлдү: 1433

24-майда Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу билим берүүнүн сапатын камсыздоо боюнча EdNet агенттигинин университеттердин Улуттук рейтингин түзүү боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен тааныштырган жыйынга катышты.

post.title

Оффлайн жана онлайн форматтагы жолугушууга ЖОЖдордун ректорлору жана кызматкерлери да катышты.

Рейтингди түзүү иштери 2023-жылдын октябрында маалыматтарды берүүгө макул болгон 27 университет менен келишимдерге кол коюу менен башталган. 2024-жылдын январынан бери EdNet агенттигинин сурамжылоосуна 1001 мугалим жана 507 иш берүүчү катышкан.

ЖОЖдор алты критерийдин негизинде бааланды: академиялык бедел, иш берүүчүлөрдүн баалары, окутуунун сапаты, цитирлөө индекси (индекс цитирования), чет элдик мугалимдердин саны жана чет элдик студенттердин саны. Автоматташтырылган чогултуу жана эсептөө системасы адамдын кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгарды.

2 жумадан кийин салтанаттуу аземде ЖОЖдордун улуттук рейтингинин лидерлерин жарыялоо пландаштырылууда.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар