Маалыматтык саясат бөлүмү
Маалыматтык саясат бөлүмү
МИНИСТР ЖАНА АЗЕРБАЙЖАНДЫН ЭЛЧИСИ №20 МЕКТЕП-ГИМНАЗИЯСЫНДА STEAM БОРБОРДУН АЧЫЛЫШЫНА КАТЫШТЫ

Көрүлдү: 1195

24-майда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Латиф Гандилов Гейдар Алиев атындагы №20 мектеп-гимназиясында STEAM борбордун ачылышына катышты.

post.title

Догдуркүл Кендирбаева заманбап STEAM борбордун ачылышы балдарга жаңы көндүмдөрдү өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк  берерин айтып, мындай борбордун ар бир мектепте ачылышын каалай тургандыгын билдирди.

“Бүгүн заманбап, уникалдуу STEAM борбордун ачылышына күбө болуп турабыз. Биз жаңы билим берүү технологияларын жайылтуу, заманбап маалыматтык коммуникациялык технологияларды колдонуу, педагогикалык тажрыйба алмашуу ишинде кызматташтыкты өнүктүрүүгө көбүрөөк көңүл бурушубуз зарыл”, - деди министр.

Ошондой эле министр окуучуларды, бүтүрүүчүлөрдү эртеңки “Акыркы коңгуроо” салтанаты менен куттуктап, дүйнө таанып, билим алгыла деген каалоосун айтты.

Элчи Латиф Гандилов эки өлкөнүн жалпы тарыхы, маданияты, дастаны жана тили  бар экенин айтып, эл аралык кызматташтык тынымсыз өнүгүп жатканын белгиледи.

Гимназияда учурда 2244 окуучу билим алып, 111 мугалим эмгектенет.

Гейдар Алиев атындагы №20 мектеп-гимназиянын жетекчилиги STEAM борборго жабдуулар Азербайжан Республикасынан кайтарымсыз негизде алынганын билдирди. Жабдуулар жалпы салмагы 2300 килограмм 479214,05 манат болгон 109 буюмду камтыйт. Бардык жабдуулар STEAM борбордун алты кабинетине орнотулган.

Азербайжандан келген өнөктөштөр мугалимдер жана окуучулар үчүн STEAM борборунун жабдууларын колдонуу боюнча тренинг өткөрүштү. Мугалимдерди STEAM класстарында иштөөнүн ыкмаларына үйрөтүү үчүн 2024-жылдын май айына онлайн окутуу жана 2024-жылдын августуна оффлайн окутуу пландаштырылган.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Азербайжан Республикасынын Президенти Ильхам Алиевдин катышуусунда аталган мектеп-гимназияга Гейдар Алиевдин ысымы ыйгарылган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар